Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Пакистанда беш согушкер өлүм жазасына тартылды


Пакистанда “Ал-Каида” террорчул уюмунун беш согушкери өлүм жазасына тартылды. Алар 45 жүргүнчүнү жана белгилүү укук коргоочуну өлтүргөн деп айыпталган. Жазага тартылгандар 2015-жылы Карачи шаарында исмаилит азчылыгынын өкүлдөрү кетип бар жаткан автобуска кол салып, 45 адамды өлтүрүшкөн.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу алган. Аталган согушкерлер өлкөдөгү белгилүү укук коргоочу Сабин Мехмуддун өлүмүнө да күнөлүү деп табылган.

Пакистанда өлүм жазасына киргизилген мораторий 2014-жылы алынган. Мораторий түндүк-батыштагы Пешавар шаарындагы мектепке талип согушкерлери жасаган чабуул 150 адамдын, негизинен балдардын өмүрүн алгандарды жазалоого байланыштуу алынган.

XS
SM
MD
LG