Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында бүгүн түнү уюштурулат. Бул түнү китепкана окурмандар үчүн эшик ачат. Иш-чара алкагында көргөзмөлөр уюштурулуп, 3000 окурмандын келери күтүлүүдө. Ошондой эле өлкөдөгү атактуу акын-жазуучулар менен жолугушуу өткөрүлөт.
“Китепканадагы түн” акциясы жыл сайын уюштурулат.(BkA)