Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Жыл башынан бери төрөттөн 18 аял набыт болгон


Өткөн жылы 63 аял төрөт учурунда жарык менен кош айтышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекова энелер күнүнө арналган иш-чарада билдирди. Анын айтуусунда буга негизги себеп, аялдар ден соолугуна кам көрбөгөнү болууда:

"Алар дарыгерлерге өз учурунда кайрылбайт. Айрым учурларда саламаттыгына байланыштуу врачтардын төрөөгө гана эмес, кош бойлуу болууга да уруксат бербегенине карабай көз жарууга аракет кылган аялдарыбыз жарык дүйнө менен кош айтышып кетишүүдө", - дейт Бообекова.

Айгүл Бообекова медициналык адистердин жетишсиздиги да энелердин өз мезгилинде тиешелүү жардам албай калуусуна алып келип жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда Энелер күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Ал жылы президент май айынын үчүнчү жекшембисин Энелер күнү деп жарыялаган. Жыл сайын бул датага байланыштуу өлкө аймагындагы көп балалуу айымдарга “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы ыйгарылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG