Тубаса майып, алты жашар Нуржигитке балдар үчүн атайын арабаны Социалдык өнүктүрүү министрлиги тартууламакчы. Буга чейин Нуржигит өзүнүн чоң арабасына отуруп, башкара албаганы үчүн, сыртка чыкканда тепшиге байланууга аргасыз болгон.
Кабарчыбыз Сабыр Абдымомуновдун маалыматы боюнча, бүгүн Нуржигиттен кабар алганы Саламаттык сактоо, Билим берүү жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери бара жатышат. Алар Нуржигиттин муктаждыктарын аныктап, берилүүчү жардамдар боюнча маалымат алып келишмекчи.
Ысык-Ата районундагы Эпкин айлынын кичинекей тургуну, алты жаштагы майып Нуржигит тууралуу “Азаттыктын” тасмасынан кийин, ага жардам берүүнү каалагандар көбөйдү. Бир нече күндүн ичинде Нуржигиттин атына банктан атайын эсеп ачуу демилгеси да көтөрүлүүдө.(SA;ZKo)