Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Бишкекте жүз мектептин ичинен алты гана мектеп кыргыз тилинде окутат


Бул маалыматты «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын 13-майдагы жыйынында билим жана илим министри Элвира Сариева билдирди. Анын айтуусунда, президент тарабынан көп тилдүү мектеп программасы бекитилген, ага ылайык, ар бир мектеп кыргыз, орус жана англис тилинде бирдей окуткан мектеп болмокчу.

Депутат Зиядин Жамалдинов жүз мектептин ичинде алты гана мектептин кыргыз тилинде окутуу жүргүзүүсү кыргыз тилин өгөйлөө болуп саналат деген пикирин билдирди. Депутат балдарын окутууга Бишкектен кыргыз мектебин таба албай койгонун айтты:

"100 мектептин ичинен алтоо гана кыргыз тилинде окутканы – бул уят нерсе, кыргыз тилин өгөйлөө болуп эсептелет. Борбордо балдар жалаң орус тилинде сүйлөшөт, кыргыз мектеби жок болсо, кантип үйрөнөт?", -деди Жамалдинов.

Жалпысынан Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектеп бар. Анын ичинен 1443 мектеп кыргыз тилинде окутат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG