“Маалымат алуу эркиндигинин кепили тууралуу”, “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын маалыматын алуу эркиндиги тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө бүгүн Социал-демократтар фракциясы макулдугун берди.
Мыйзам долбоору фракция мүчөлөрү Жанар Акаев жана Жылдыз Мусабекова тарабынан демилгеленген. Жанар Акаевдин түшүндүрмөсү боюнча, мамлекеттик органдар кайсы бир чечим кабыл алынуусунун себептери тууралуу коомчулукка маалымдашпайт. Көп учурда мындай чечимдер кургак билдирүү менен гана чектелет дейт депутат. Анын айтуусунда, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жарандык коомдун мамлекеттик органдарга ишенимин арттырат, эки тараптуу байланышты күчөтөт.(ZKo)