Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

“Хезболла” тобунун колбашчысы мерт болгону айтылууда


Мустафа Бадреддин
Мустафа Бадреддин

Сириядагы жардыруу учурунда ливандык шииттердин “Хезболла” тобунун командири Мустафа Бадреддин мерт болгону кабарланды. Аталган топко жакын саналган Ливандагы Al-Mayadeen TV каналы тараткан маалыматка караганда, ал Израил аба күчтөрү урган соккуда набыт болгон. Бирок бул боюнча Израил тарап билдирүү жасай элек.

Мустафа Бадреддин Ливандын мурунку өкмөт башчысы Рафик Харирдин өлүмүнө күнөөлөнүп, сыртынан соттолгон төрт кишинин бири болчу.

“Хезболла” 13-майда “Ал 1982-жылы исламчыл козголоңчулардын бир канча операцияларына катышкан” деп билдирүү таратты.

Мустафа Бадреддиндин өлүмү шиит топтору үчүн дагы бир жоготуу болду. 2008-жылы “Хезболла” тобунун лидерлеринин бири Имад Мугний Дамасктагы жарылууда мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG