Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Казакстанда эки киши жихадга үндөгөн деп соттолду


Казакстандан барган жихадчылар
Казакстандан барган жихадчылар

Казакстандын Темиртау калаасынын эки тургуну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кишилерди тарткан деген айып менен түрмөгө кесилишти. Карагандадагы райондор аралык сот кишилерди Сирияга жөнөтүп, террорчулукка үгүттөп, диний касташууну козуткан деген айып менен Валерий Хадыкинди сегиз, Куаныш Жумагалиевди беш жылга эркинен ажыратты.

Тергөө материалдарына алардын интернеттеги “чыныгы мусулман Сирияга барып, жихадга кошулуусу керек” деген чакырыктары камтылган.

Расмий бийлик Сирия жана Ирактагы экстремисттердин катарында жүздөгөн казакстандыктар бар экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG