Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

РБКнын үч редактору жумуштан бошотулду


Орусиядагы РБК каналынын шеф-редактору Елизавета Осетинская, РБК гезитинин башкы редактору Максим Солюс жана РБК маалымат агенттигинин башкы редактору Роман Баданин жумуштан бошотулду. Бул тууралуу уюм тараткан маалыматта айтылат.

Оппозиционер саясатчы жана миллиардер Михаил Прохоровго таандык ири РБК медиахолдингинде өткөн айда текшерүүлөр башталып, "көз боёмочулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мекеменин салык төлөмдөрү да текшериле баштаган.

Башкы директор Николай Молибог кызматтан бошотулган кызматкерлер менен “бир пикирге келе албаганын” айтууда.

Серепчилер Прохоровдун менчигинин айланасындагы тинтүүлөр, холдингдин жетекчилигин суракка алуулар жана козголгон кылмыш иши Орусияда дагы бир көз карандысыз маалымат каражатынын жабылышына алып келерин белгилешет.

XS
SM
MD
LG