Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:53

Бишкекте үч эм төрөлүп, бирөө чарчап калды


5-май күнү Бишкектеги №4 төрөтканада көз жарган Каныкей Анапияеванын апасы Шакен Жакыеванын “Азаттыкка” билдиришинче, үч эмдин бири 8-май күнү чарчап калды. Талма оорусу менен жабыркаган майып келин балдарын айы-күнүнө жеткирбей төрөгөн.

Ушул тапта калган эки уулдун абалы жакшы. Шакен Жакыева кызы буга чейин эки баласы менен Воронцовкада батирде жашап келгенин, ушул тапта төрт баласы менен батирден чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Кыргызстанда соңку жылдары үч жана төрт эм төрөгөндөр көбөйүүдө. Өкмөт алардын ата-энелерине батир белек кылып келет.(AzK)

XS
SM
MD
LG