Президент бүгүн Энелер күнүн белгилөөнүн алкагында сөз сүйлөп жатып 12-май күнү камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүнүн жагдайына токтолду. Ал бийликти сындагандар референдум аркылуу президентти кетирүү талабын коюп, аны эл колдоп берсе, мыйзам чегинде кызматын тапшырууга даяр экенин билдирди. Президент “Элдик парламенттин” өкүлдөрүн өлкөдөгү туруктуулукту курал пайдалануу менен бузгусу келгенин белгилеп, аларды түрмө сагынганын, мындан ары аларга аёо болбой турганын эскертти.
12-майда интернетте “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Төрөбай Кулубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов катышкан телефондук сүйлөшүү деген аудиотасма тараган. Ал тасмаларда “мен аларды атам, машинасын өрттөйм, башка вариант жок, өлтүрөм. Орусиядан келе тургандар келди. Баары жайында. Президент 17синде отставкага кетет. Биздин киши премьер-министр болот” деген сөздөр айтылган.
Ушул эле күнү кечке жуук бул жарандарды УКМК кармаган. Алар мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган, коомдук кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн деп шектелүүдө. Бул күнү "Элдик парламент" мүчөлөрү форум өткөрүп, анда президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, кетпесе 17-майда масштабдуу митинг өткөрөрүн, “Элдик парламентти” орусиялыктар колдой турганын айтышкан. (AzK\YI)