Мамлекеттик экотехинспекциядан "Азаттыкка" билдиришкендей, компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында экотехникалык нормалардын жана мыйзамдын бузулган учурлары аныкталып, анын негизинде сотко төрт арыз жолдонду.
Экотехинспекциянын маалыматында кендеги калдыктар мөңгүлөргө төгүлгөн, суу ресурстарын тийиштүү төлөмү жок пайдаланган, жер ресурстарына зыян келтирген учурлар катталып, жалпы чыгымдын баасы 7 миллиард сомду түзгөн.
Бул иш боюнча сот отуруму 20-майда болот.
Ушул тапта компания башка дагы компетенттүү мекемелер тарабынан текшерилип жатат. (AzK)