Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Транзиттик потенциалды жогорулатуу долбоору иштелип чыкты


Транспорт министрлигинин маалыматында регионалдык жана эл аралык интернет-трафикте Кыргызстандын транзиттик потенциалын иштеп чыгуу багытында министрлик 2015-жылы бир катар эл аралык институттар, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бүгүнкү күндө аталган долбоор бир нече өз ара байланышкан компоненттен турат. Алардын ичинен маанилүүсү Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө иштелип жаткан Digital CASA долбоору жана маалыматтарды иштеп чыгуучу Нарын борбору.

Аталган долбоор Борбор Азия мамлекеттери менен Ооганстанды бирдиктүү регионалдык оптикалык тармакка бириктирүү максатын көздөйт. Бул долбоор алкагында Кыргызстандын электрондук өкмөтүнүн системасын өнүктүрүү жагы каралат. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча Нарын борборун куруу 150 миллион долларга бааланууда. Эл аралык инвесторлор быйыл аталган долбоорду ишке ашырууга жана инвестиция салууга даярдыгын билдирген. Долбоордун арты менен Кыргызстандын санариптик коммуникация системасынын Түштүк-чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине түз чыгуусуна мүмкүндүк ачылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG