“Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, 14-май күнү Москвадагы Хованский мүрзөсүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыгып, үч киши набыт болду. Үчөө тең тажикстандыктар экени расмий бышыкталды. Окуянын чоо-жайын тажик консулдугу териштирүүдө. Мушташта ок атуучу курал да колдонулуп, айрымдар жараат алганы кабарланды.
Күбөлөрдүн айтымында, мүрзөдө иштеп жаткан тажикстандык мигранттарга белгисиз топ келип кол салган жана акча талап кылышкан. Айрым булактар жапырт мушташка жүз чамалуу киши катышканын жазса, кээ бирлери андан бир топ көп экенин айтууда.
Айрым маалымат булактары кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун өкулдөрү экенин жазды.
Маалыматтарга ылайык, аталган мүрзөдө 400дөй тажикстандык мигрант эмгектенет.