Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыргызстанда бүгүн Энелер күнү белгиленүүдө


14-майда президент Алмазбек Атамбаев 1902 энеге «Баатыр эне» жана 437 энеге «Даңк» медалын ыйгарды.
14-майда президент Алмазбек Атамбаев 1902 энеге «Баатыр эне» жана 437 энеге «Даңк» медалын ыйгарды.

Кечээ бул күндүн урматына президент Алмазбек Атамбаев 1902 энеге «Баатыр эне» жана 437 энеге «Эне даңкы» медалын ыйгарган. Мындан тышкары өлкөнүн атын тааныткандардын - Орусияда метрого түшүп кеткен аялды куткарган Марат Исаевдин, спортчулар Валентина Шевченко менен Айсулуу Тыныбекованын, футбол боюнча эл аралык калыс Бахадыр Кочкаровдун жана “Азия MIX” КВН тобун түзгөн Элдияр Кененсаровдун апаларына сыйлык тапшырган.

Энелер күнүнө карата Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков да куттуктоо жолдоп, бул күндү ыйык деп атаган. Ушундай эле куттуктоосунда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул күн очок ээси, үйдүн куту болгон энелердин ыйыктыгын даңазаларын билдирген.

Кыргызстанда Энелер күнү президенттин 2012-жылдагы жарлыгынын негизинде жыл сайын белгиленип келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG