Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Нарындагы мечиттерге "йакын инкарчыларга" кирүүгө тыйуу салынды


"Йакын инкар" диний жамааты буга чейин Ысык-Көл облусунда көбөйүп жатканы айтылган, Ысык-Көл облусу
"Йакын инкар" диний жамааты буга чейин Ысык-Көл облусунда көбөйүп жатканы айтылган, Ысык-Көл облусу

Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук казыятынан кабарлашты. Буга "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыккан “Йакын инкар” агымынын өкүлдөрүнүн даават кылууга эч бир тиешелүү мекемеден уруксат алышпай жатканы себеп болгон. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү аталган жамааттын өкүлдөрү деп саналган 17 кишини аныкташкан. Алардын басымдуу бөлүгү Нарын жана Ат-Башы районунун тургундары.

"Йакын инкар" диний жамааты Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган "Таблиги жамаат" кыймылынан бөлүнүп чыккан топ катары айтылып келет. Анын мүчөлөрү чачтарын адаттан тыш өстүрүп, узун кийим кийип жүрүшөт жана дүнүйө иштерин четке сүрүп, бир гана диний амалдар менен алек болуш керек деп санашат. (MiK)

XS
SM
MD
LG