Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:14

Текебаев: Кыргызстанда мунапыс баш аламан колдонулуп жатат


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” өзгөчө коррупция сыяктуу кылмыштарга мунапыс толугу менен колдонулбашы керектигин билдирди.

- Ири коррупцияга айыпталып, 10-15 жылга кесилгендер 3-4 жылда эле жылда эле жаза мөөнөтү кыскарып, акчасын төлөп коюп чыгып кетүүдө. Буга жол бербеш керек. Эгерде ошондой болсо анда эл коррупцияга каршы күрөшкө ишенбей калат. Акчасы барлар чыгып кете берсе, эл адилеттүүлүк жок экен деп, мамлекетке болгон ишенимден айрылат, - дейт ал.

Текебаев соңку беш жыл аралыгында төрт ирет мунапыс жарыланганын, анын маани-маңызы көз жаздымда калып, бухгалтердик арифметиканын негизинде “түрмө толуп кетти, акча жетпей жатат” деген шылтоо менен гана ишке ашып жатканын кошумчалады.

Коррупция беренеси боюнча айыпталып, 11 жылга кесилген Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев 7-майда эркиндикке чыккан. Ал өзүнө тагылган айып боюнча мамлекетке келтирилди делген чыгашаны толук төлөп бергенин жана мөөнөтүн кыскартуу боюнча мунапыс менен бошотулганын журналисттерге билдирген. Айрым саясатчылар Түлеевдин боштондукка чыгышын бийликтин паракорчулук менен күрөшүүдөгү кожо көрсүн саясаты экенинин дагы бир белгиси деп сындашкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG