БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Нью-Йоркто БУУнун радиосуна маек куруп, 5-8-сентябрда Кыргызстанда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу маалымат берди.
Молдоисаева бул долбоор көчмөн элдердин маданиятын сактоого жана кайра жандантууга салым кошоорун айтып, кызыккандардын бардыгын ага катышууга чакырды.
Ушул тапта Чолпон-Ата шаарында оюндар өтө турган ат майдан жасалып жатат. Оюнду уюштурууга мамлекеттен 159 миллион сом бөлүнгөн. Ага 40 мамлекеттен коноктор келет деп күтүлүүдө. Меймандар улуттук оюндардын 23 түрүнө күбө болушат. (AzK)