Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

ИМ тобу Багдадга жакын жердеги газ комплексине кол салды


Ирактагы газ кууру
Ирактагы газ кууру

Окуядан 14 киши каза таап, 20 киши жаракат алды. Аталган завод Багдаддын түндүк тарабындагы Тажи шаарында жайгашкан.

Эртең менен заводдун дарбазасынын жанында автоунаа жарылып, андан кийин бомба байланган алты жанкечти заводдун аймагына кирип, күзөт кызматкерлери менен кагылышкан.

"Ислам мамлекети" террордук уюму Ирактын борбору Багдадда соңку апта ичинде бир нече ирет кол салуу уюштурган. Өткөн шаршемби күнү шаардын ар кайсы райондорунда үч автоунаанын жарылуусунан 80 киши мерт болгон.(AzK)

XS
SM
MD
LG