Орусиянын спорт министри Виталий Мутко тыюу салынган дары-дармекти колдонгону үчүн лицензиясынан ажыратылган спортчуларга байланыштуу кечирим сурады.
Британиянын The Sunday Times гезити жарыялаган макалада Мутко орус спортунун “тазалануусу” үчүн колдон келген аракетин жасап жатканын билдирген.
“Бизди жана дүйнө элин алдоого аракет кылгандар буга чейин кармалбаганы үчүн кечирим сурайбыз”, - деген министр спортчулар менен машыктыруучулар олуттуу катага жол бергенин белгилейт.
The Sunday Times басылмасы Мутко Орусиянын расмийлеринин допинг жаңжалына тиешеси бар же жок экени жөнүндө сөз кылбаганын жазды.
Өткөн жумада Тhe New York Times гезити ондогон орус спортчулары, арасында Сочи олимпиадасында медаль алгандар тыюу салынган кызытма дарыларды колдонуп жүргөнү тууралуу макала жарыялаган.