23 жаштагы Актан Касымовдун сөөгү мекенине алып келинип, 13-майда Бишкекте жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун эжеси Айзада Абылгазиева “Азаттыкка” билдирди.
Москвадагы сулуулук салондорунун биринде чач тарач болуп иштеген Актан Касымов 2-майда “Территория” кафесинин күзөтчүлөрүнүн токмогунан курман болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн бири украин тектүү, экинчиси орус жараны экени маалым болгон.
Мигранттын жакындары анын улуттук жек көрүүчүлүктүн курмандыгы болгонун айтышып, кылмышка шектүүлөрдү сот эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алып туруп, бошотуп жибергенине нааразы болушууда. Жигиттин бейажал өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, калыс укуктук баа берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылышты. Окуя боюнча Москванын Люблино райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Иликтөө уланып жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. (NT)