Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Исмаилова: Укук коргоочулук ишибизди уланта беребиз


Төлөйкан Исмаилова пикетте 16/05/2016
Төлөйкан Исмаилова пикетте 16/05/2016

"Биз укук коргоочулук ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келгенбиз жана уланта беребиз" деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" "Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. Ал укук коргоочулар 2002-жылдагы Аксы окуясында да, 2009-жылы Арашандагы оппозиция жыйынында да, Тейитте да жана башка бийликти сындаган акцияларда адам укугунун корголушуна мониторинг жүргүзгөнүн, бул иш улана берерин билдирди.

"Элдик парламент" деген жаңы түзүлгөн оппозициялык уюмдун лидерлери өткөн аптада бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган. Бул уюмдун 12-майда Бишкекте өткөн жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылууда. Алар оппозициянын жыйынына мониторинг кылуу үчүн катышканын айтууда.

Ушу тапта жарандык коом өкүлдөрү Ак үй алдында пикет өткөрүүдө. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG