Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Жакупова: Президенттин сөзү жарандык коом үчүн сокку болду


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Президенттин укук коргоочулар жөнүндө айтканы туура эмес. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңеш депутаты Чолпон Жакупова билдирди.

Ал ушу тапта Ак үй алдында пикет өткөрүп жаткан жарандык коом өкүлдөрү менен жолукту жана өткөн аптада "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам долбоорунун парламентте өтпөй калышына салымын кошкон укук коргоочулар жана жарандык коом үчүн мамлекет башчынын айтканы "сокку болду" деп билдирди.

Укук коргоочулар чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды агент деп атоо тууралуу мыйзам долбоору Кыргызстанды тоталитардык өлкөгө айландырарын айтып келген.

"Элдик парламент" деген жаңы түзүлгөн оппозициялык уюмдун лидерлери өткөн аптада бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган. Бул уюмдун 12-майда Бишкекте өткөн жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылууда. Алар оппозициянын жыйынына мониторинг кылуу үчүн катышканын айтып жатат. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG