Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Таласта жаан-чачындан тарткан чыгым беш миллион сомдон ашты


Таласта 9-майда катуу шамал чатырларды талкалап, мөндүр жаады.
Таласта 9-майда катуу шамал чатырларды талкалап, мөндүр жаады.

Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таластагы башкармалыгынан жетекчиси Талант Карымшаков бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Эң көп чыгым Талас районунда - 3 млн сом. Бул райондо 1 мектептин жана 30га жакын үйдүн чатырларындагы шиферди шамал учуруп кеткен. 16 баш кой-козу сууга аккан.

Облус боюнча 261 гектар айдоо жерди суу каптап, 5 ички каналда 3 миң метрден ашык аралыкка ылай толуп калган.

Башкармалыктын маалыматы боюнча жаан-чачын, шамал, суу каптоо кесепеттерин жоюу боюнча иш азыр да уланууда.

9-май күнү түштөн кийин Таласта нөшөр жаан мөндүр аралаш жаап, Талас шаары жана ага катар турган айылдарда катуу шамал болгон.

Талас гидрометкызматынын маалыматы боюнча мөндүрдүн диаметри 1 см болгон. (SS)

XS
SM
MD
LG