Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Ысык-Көлдө Улуттук банктын алтын куймалары сатыла баштады


Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды облустарда сата баштады
Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды облустарда сата баштады

Улуттук банк чыгарган алтын куймалар бүгүнтөн тарта Ысык-Көл облусунда сатыла баштады. Банк өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, долбоордун максаты тууралуу айтып беришти.

2015-жылдын 7-майында сатыкка алгач чыккан аффинаждалган алтын куймаларынын ошондон бери сатылган жалпы салмагы 85 кг чыгып, суммасы 229 млн сомду түздү.

Долбоордун максаты - республикада кымбат баалуу металл рыногун түзүү жана өнүктүрүү, ишканалар жана калк үчүн эсептешүүнүн жаңы рыноктук инструменттерин түзүү.

Улуттук банк чыгарган таза алтын куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү укугу "Капитал Банк","Кыргызкоммерцбанк" жана " Айыл Банкка" берилген. (AsM)

XS
SM
MD
LG