17-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак, тоңголок. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 15...20,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5.
Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21...23.