Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Израил-Палестина сүйлөшүүлөрү Парижде өтөт

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху менен Франциянын тышкы иштер министри Жан Марк Эро.
Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху менен Франциянын тышкы иштер министри Жан Марк Эро.

Израил-Палестина сүйлөшүүлөрүн жандандыруу боюнча саммит Парижде Израилдин каршылыгына карабастан өткөрүлөт. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эро билдирди.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху француздардын демилгесине каршылыгын билдирген. Париждин сунушуна ылайык, Египет, Сауд Арабия, Иордания баштаган 20дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү болжол менен 30-майда Франциянын баш калаасына чогулушат. Бирок саммитке Израил менен Палестина өкүлдөрү катышпайт.

Ал эми Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Париждеги саммитти колдорун айткан.

Соңку ирет АКШнын ортомчулугу менен өткөн Израил-Палестина сүйлөшүүлөрү 2014-жылы эч натыйжа бербестен токтоп калган.

XS
SM
MD
LG