Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Тажик парламенти Хованский көрүстөнүндөгү окуяны талкуулады


14-майда Москванын Хованский көрүстөнүндө Кавказ менен Тажикстандан чыккандар согушуп, ок атуулар менен коштолгон.
14-майда Москванын Хованский көрүстөнүндө Кавказ менен Тажикстандан чыккандар согушуп, ок атуулар менен коштолгон.

16-майда тажик парламентинин төмөнкү палатасы Москванын Хованский мүрзөсүндөгү массалык мушташты талкуулады.

14-майда көрүстөндөгү мушташта тажикстандык үч мигрант өлүп, тогузу жарадар болгон. Тажик парламентинин төрагасы Шукурджон Зухуров окуяга тынчсыздануусун билдирип, тергөөнүн адилет жүргүзүлүшүн талап кылды. Тажикстандын ички иштер министрине Орусия бийликтери менен кызматташып, окуяга көз салуу тапшырылды.

Москванын Хованский көрүстөнүндө Кавказ менен Тажикстандан чыккандар согушуп, ок атуулар менен коштолгон. Окуянын күбөлөрү мушташка 500дөй, ал эми полиция 200дөй адам катышканын айткан. Москва полициясы 90дон ашуун киши кармалып, сурак берип жатканын билдирген. Бул ээнбаштыкка байланыштуу Орусиянын айрым саясатчылары Борбор Азия республикалары менен виза режимин киргизүү маселесин кайрадан көтөрүштү.

Москвадагы Хованский көрүстөнү Европадагы эң чоң көрүстөн болуп саналат, анын аянты 200 гектардан ашык.

XS
SM
MD
LG