Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Ереван менен Баку Тоолуу Карабакта ок атышпоо келишимин макулдашты


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Тоолуу Карабак аймагында тынчтык орнотуу боюнча Армения менен Азербайжан президенттеринин Венадагы жолугушуусуна ЕККУнун Минск тобуна мүчө мамлекеттер – Орусия, АКШ жана Франциянын өкүлдөрү катышты. Ортомчулардын биргелешкен билдирүүсүндө армян лидери Серж Саргсян менен азери президенти Илхам Алиев жаңжалды тынчтык жол менен чечүү максатында сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашканы айтылат.

Армения менен Азербайжан президенттери Тоолуу Карабакта апрель айында тутанып, бир нече кишинин өмүрүн алган чыңалуудан кийин алгачкы ирет кездешти. Эки мамлекет ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн.

Быйыл 2-апрелде абал кайрадан курчуп, салгылашууда эки тарап тең бир нече аскерин жоготту. 5-апрелде тараптар ок атышууну токтотуу келишимин түзгөн. Бирок аны бузду деп бири-бирин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG