Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Жамалага Эл ырчысы наамы берилди


Жамала Украинанын президенти Петро Порошенко менен
Жамала Украинанын президенти Петро Порошенко менен

Eurovision-2016 сынагынын жеңүүчүсүнө бул сыйлыкты берүү тууралуу жарлыкка украин президенти Петро Порошенко кол койгон. Бул тууралуу украин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Порошенко Жамаланын жеңиши крым-татарлары, жалпы эле украин эли үчүн чоң мааниге ээ экенин, бул окуя Крымдын Украинага кайтарылышына көмөктөшөт деген үмүтүн билдирди. Ал арада радикал-оңчул “Эркиндик” партиясынын өкүлдөрү сынактын жыйынтыгы бурмаланып, Жамаланын жеңиши ак болгон жок деген сын айтышты.

Швециянын Стокгольм шаарында 14-май күнү жыйынтыкталган Eurovision-2016 эл аралык популярдуу шоу сынагында украиналык ырчы Жамала баш байгени жеңген. Ыр таймашта ал 534 добуш менен атаандаштарынан алдыга чыккан. Кечээ жеңиш менен кайтып келген Жамаланы Киевдеги аба майданында жүздөгөн адамдар тосуп алды. Ага атак алып келген ыр “1944” деп аталат. Чыгармада Сталиндин буйругу менен Борбор Азияга депортацияланган Крым татарларынын тагдыры баяндалат. Жамала деген ат менен таанылган ырчынын өз ысымы Сюзана Жамалдинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG