Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Нарында катуу шамалдан турак жайлар жабыркады


Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда кечээ күнкү катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 16-май күнү саат 15:40 чамасында жаан аралаш катуу шамал болгон.

Нарын шаарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-18 метрге жетип, эки турак үйдүн 190 чарчы метр профнастилин учуруп кеткен.

Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен. Натыйжада 19 турак үй, 1 мектеп, 5 социалдык объекттин 500 шифери талкаланган.

Адам өмүрүнө залака тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG