Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Умбеталиев: Митинг өткөрүүгө УКМК тоскоолдук кылууда


Расул Умбеталиев Жеңиш аянтында
Расул Умбеталиев Жеңиш аянтында

"Элдик парламенттин" бүгүнкүгө белгиленген митингинин өтпөй калышына уюмдун лидерлерин Улуттук коопсуздук комитети камап койгону жана калгандарын улам суракка чакырып жаткан себеп болду. Бул тууралуу Бишкектин Жеңиш аянтында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып уюмдун өкүлү Расул Умбеталиев билдирди. Айтымында, анын өзүн да атайын кызмат суракка чакырууда.

"Элдик парламент" уюму бир ай мурда түзүлгөн. Өткөн аптада алардын лидерлериники деген телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосу интернетте тараган. Анда 17-майда Кыргызстанда бийлик кулатылары, өкмөт башчылыкка алардын өкүлү келери тууралуу сөз жүрөт.

Көп өтпөй УКМК бул уюмдун лидерлерине карата "бийликти күч менен басып алуу аракети" деген берененин негизинде кылмыш иш козгоп, камакка алган. Бирок "Элдик парламент" бийликтин кылганы мыйзамсыз экенин айтууда.

Бүгүн аталган уюм Жеңиш аянтында саат 10до 50 миң адам катышкан митинг өтөт деген. Бирок азыркы саатка карата 5-6 адам гана чогулду. (RK/BkA)

XS
SM
MD
LG