Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Пентагон: ИМ тобу Иракта ээлеген жеринин жарымын жоготту


Ирак.
Ирак.

АКШ башында турган коалиция жүргүзгөн операциялардын жыйынтыгы менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Иракта ээлеп алган аймактардын 45% жоготту. Сирияда көзөмөлдөп турган жерлердин 20% колдон чыгарды. Бул тууралуу 16-майда Вашингтонда Пентагондун өкүлү Питер Кук билдирди.

АКШнын эл аралык коалициядагы өкүлү Бретт Макгерк жихадчылар мунайга бай жерлердин чоң бөлүгүнөн сүрүп чыгарылганын айтты. Ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун каржылоо булактарына да бөгөт коюлууда.

Макгрек Сирияда өкмөт күчтөрү жана оппозиция ортосундагы кагылыштар токтогондон кийин террордук топторго каршы күрөш ийгиликтүү болуп жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG