Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Украина жана Түркия аскердик кызматташтык планын бекитишти


Украина жана Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн ортосунда аскердик кызматташуу планына кол коюлду. Бул Украинаны 2020-жылга чейин НАТОго мүчө болуусуна даярдык көрүү максатында жүзөгө ашууда.

План эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн аскердик кызматташуу тармактарын жана багыттарын аныктайт. Алардын арасында коргонуу тармагын реформа кылуу, аскерлерге билим берүү жана даярдоо, кеңеш берүү багыттары бар.

Өткөн аптанын соңунда Украина жана Түркия Кара деңиздеги аскердик аракет боюнча планды иштеп чыгууга макулдашкан. Андан тышкары, аскердик-техникалык жана логистикалык кызматташтыкты өркүндөтүү, өздүк курамды даярдоо боюнча орток пикирге келишкен.

Киев менен Анкара ортосундагы алака акыркы айларда жигердүү өнүгүүдө. Москва менен мамилеси солгундагандан кийин Түркия Укранинанын бүтүндүгүн жактаган эл аралык коомчулуктун көз карашын толугу менен кубаттап келет.

XS
SM
MD
LG