Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук куткаруу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, 14-май күнү Нарын районуна караштуу Орук-Там айылынын тушунан Нарын суусуна эки жашар Ниязбекова Айсулуу түшүп кеткен.
Андан бери аталган бөлүмдүн куткаруучулары бир катар издөө иштерин жүргүзгөнү менен таба элек.
Өткөн жылы ушул эле айылдын төмөнүрөөк жагынан 46 жаштагы киши дарыяга агып кетип, сөөгү бир топ убакыттан кийин табылган. (MiK)