Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Тажикистанда "салафи" агымын жактаган беш киши камалды


Мечит жанындагы эл жана милиция кызматкерлери
Мечит жанындагы эл жана милиция кызматкерлери

Хатлон облусуна караштуу Жалолодин Балхи районунун беш тургуну Кылмыш кодексинин “бийликти басып алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 5-6 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Соттук жараян учурунда прокурор билдиргендей, алар жыйындарда жана мечиттерде исламдын "Салафи" экстремисттик агымынын идеяларын жайылтышкан. Алар элди намазга жыгылуунун тартиптерин өзгөртүүгө жана өлгөн адамды эскерүү зыйнаттарын өткөрбөөгө үндөшкөн.

Соттолгондордун баары 22-26 жаштардагы жигиттер. Алардын алгач ирет кылмыш жасаганы жана кичинекей балдары бар экени эске алынып, жумшак жаза берилгени айтылды. Судья Сайфиддин Мухиддинзоданын белгилешинче, эрежеге ылайык, алар катаал режимдеги колонияга кесилмек.

Айыпталуучулар 11-февралда кармалышкан. Алардын үйлөрүнөн “салафизмди” даңазалаган адабияттар, дисктер табылган.

XS
SM
MD
LG