Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

Багдаддагы кош жардыруудан 23 адам набыт болду

Багдад.
Багдад.

Ирактын баш калаасы Багдаддагы бүгүнкү удаама-удаа жардыруулардан бери дегенде 23 адам набыт кетти. Жарадар болгондор саны элүү чамалуу.

Полициянын маалыматына ылайык, жардыруулардын бири шиит агымындагылар жашаган Ал-Шааб конушундагы базарда, экинчиси Ал-Рашид конушунда болду. Азырынча ага эч ким жоопкерчилик ала элек.

Иракта 11-майдан бери дээрлик күнүгө жардыруулар уюштурулуп, ага жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алууда. Топтун билдирүүлөрүндө мусулманчылыктын шиит агымын колдогондор бутага алынып жатканы айтылат.

​
XS
SM
MD
LG