Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Багдаддагы жардыруулардан 54 адам набыт болду


Ал-Шааб базарындагы жардыруудан кийинки көрүнүш. 17-май, 2016-жыл. Багдад.
Ал-Шааб базарындагы жардыруудан кийинки көрүнүш. 17-май, 2016-жыл. Багдад.

Ирак баш калаасында бүгүн катар жардыруулар болуп, андан бери дегенде 54 киши жашоо менен кош айтышты. Полиция 100дөн ашуун адам жарат алганын кабарлады.

Жардыруулардын бири шиит агымындагылар жашаган Ал-Шааб конушундагы базарда болду. Анын артынан Ал-Рашид конушунда бомба коюлган унаа жарылды. Арадан бир аз убакыт өтүп Садр районунда да автоунаа жарылды.

Ал-Шаабда болгон жардырууну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу уюштурганы маалым болду.

Иракта 11-майдан бери дээрлик күнүгө жардыруулар болуп, ага жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алууда. Топтун билдирүүлөрүндө мусулманчылыктын шиит агымын колдогондор бутага алынып жатканы айтылат.

XS
SM
MD
LG