Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

“Кыргызалтын”: “Центерранын” жетекчилигинин курамын алмаштыруу керек


Кумтөр ишканасы
Кумтөр ишканасы

“Кыргызалтын” ишканасы Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын жетекчилигинин курамын алмаштырууга мезгил келип жетти деген билдирүү таратты. Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматта канадалык компаниянын менеджментин жана директорлор кеңешинин курамын өзгөртүү зарылдыгы айтылган. Анда “Кыргызалтын” менен “Центерранын” алакасы барган сайын начарлап баратканы, директорлор кеңешинин деңгээлиндеги айрым чечимдер “Кыргызалтын” үчүн компаниянын башкармалыгы менен калган акционерлерге натыйжалуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды деп жазылган. Ошондой эле дивиденд саясатына байланыштуу берилген сунуштарга компания көңүл бөлбөй жатканына нааразылык камтылган. Буга байланыштуу “Кыргызалтын” директорлор кеңешине кыргыз тарап сунуштаган Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаевден башка “Центерранын” менеджменти көрсөткөн талапкерлерге добуш бербей турганын билдирүүдө.

«Кыргызалтын» канадалык “Центерра” компаниясынын ири акционерлеринин бири, компаниянын 32 пайыз үлүшүнө ээлик кылат. Кумтөр кенинин айланасындагы талашка 2011-жылдан бери чекит коюла элек.(NT)

XS
SM
MD
LG