Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок


Венадагы жолугушуудан кийинки маалымат жыйыны.
Венадагы жолугушуудан кийинки маалымат жыйыны.

Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча 17-майда Венада өткөн эл аралык сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. Сүйлөшүүлөрдүн кийин уюштурулган маалымат жыйында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри өлкөдө бейпилдик орнотууга байланышпаган маселелер боюнча макулдашууларга жетишилгенин билдирди. Анын айтымында, кырдаалды саясий жол менен жайгаруу үчүн тиешелүү шарттар быйылкы жылдын 1-августунан кечиктирилбей түзүлүүгө тийиш:

-Сириядагы абал баарыбызды канааттандырбайт. Тынчсыздануу жаратууда. Биз акыркы күндөрү зомбулуктардын күчөп жатканына кабатырбыз,- деди Жон Керри.

Тараптар Сирия боюнча кийинки жолугушуулардын так мөөнөтүн макулдаша албады. Орусия колдогон Сирия президенти Башар Асаддын кызматтан кетүү ниети жок. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров өз өлкөсү Сириянын президентин эмес, террорчулукка каршы күрөштү колдоп жатканын айтты. Сүйлөшүүлөргө Орусия, АКШ, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, БУУнун өкүлдөрү катышты. Алар Сирия бийлиги менен оппозиция ок атышууларды токтотуш үчүн зарыл аракеттер көрүлүшү керектигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG