Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Тажикстан, Кожент шаары.
Тажикстан, Кожент шаары.

Күчөтүлгөн чара Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду утурлай киргизилгенин “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөнүн ички иштер министрлигине таянып билдирди. Маалыматка караганда, деструктивдүү күчтөрдүн республикадагы кырдаалды туруксуз кылуу аракетине жол бербөө максатында кошумча күчтөр коомдук тартипти көзөмөлдөөгө тартылды.

Азыр Тажикстандын башкы шаарларында милициянын күзөтү көбөйтүлүп, мекеме-ишканаларды кайтаруу күчөтүлдү. Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 22-майга белгиленген. Анын жаңы долбоорунда президенттикке талапкерлердин жашын 35 жаштан 30 жашка чейин түшүрүү каралган. Бул 2020-жылы өтчү президенттик шайлоого президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин катышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Тажик парламенти былтыр декабрда Эмомали Рахмонго “улут көсөмү” деген наам ыйгарган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG