"Дордой" базарындагы акча алмаштыруучу жайлардын 90% уруксаты жок иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш билдирди:
- Чынында "Дордойдо" акча алмаштыруучу жайлардын дээрлик 90% ашыгы лицензиясыз иштөөдө. Биз инспекция жүргүзүп, айыппул салып, жапканыбыз менен 1-2 миң сом айыппулун төлөп коюп, кайра эле ачылып жатышат. Эгер айыппулду көбөйтсөк аларга лицензиясыз иштөө ыңгайсыз болуп калат деген үмүт бар.
Бүгүн Жогорку Кеңеш уруксаты жок иштеген акча алмаштыруучу жайларды жазалоо чарасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Ага ылайык, айыппулду 2 миңден 250 миң сомго чейин көбөйтүү каралууда.
Бирок айрым депутаттар бул чара маселени чечүүгө жардам бербесин, башка да таасирдүү ыкмаларды издөө керектигин айтууда.
Жалпы республика боюнча, Улуттук банктын маалыматына караганда, 1000ге жакын акча алмаштыруучу пункт бар, анын 300ү гана лицензия менен иштейт. (RK)