Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Өмүрбекова: Энергохолдингди жоюу керек


Бүгүн Жогорку Кеңеште энергетика тармагындагы абал талкууланууда.

Депутаттардын суроолоруна Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев жооп берүүдө. Бирок айрым депутаттар учурда бул мекеменин ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдар жетиштүү эмес болуп жатканын, энергетика тармагын тейлөө экономика министрлигине жүктөлгөнү менен бул жаатта иш аткарылбай келатканын айтып, Энергохолдинг түзүүнүн зарылчылыгы бар беле деген суроолорду коюп жатат.

Депутат Алтынай Өмүрбекова, мисалы, Энергохолдингди жоюу керек деген пикирин айтты.

Беш ай мурда Кыргызстанда Энергохолдинг түзүлгөн. Ага электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана жеткирүү менен алектенген 7 ишкана бириктирилери, башкаруу бир колго өткөрү айтылган. Бирок азырынча иш жүзүндө мындай бирдиктүү система түзүлө элек. (RK)

XS
SM
MD
LG