Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

Майыптар үй маселесине байланыштуу митинг өткөрүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Ушу тапта Ак үй алдында 30 чакты адам катышкан митинг өтүүдө. Алар өзүлөрүн Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү экенин, бул уюм куруп берген турак үйлөрдөн аларга батир берилбей жатканын айтууда. Нааразы болгондордун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Бишкектин Көк-Жар конушунда жана 6-кичи районунда майыптар үчүн курулган кабат үйлөрдөгү батирлерди уюм жетекчилери тааныш-билиштерине таратып жиберген.

Буга чейин бул маселе боюнча комментарий берип жатып Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчилиги кезекке тургандар өтө көп болуп жатканын, ал эми салынган батирлер чектелүү экенин, ар бир батир мыйзам чегинде берилгенин айткан.

Нааразы тараптын талаптарын буга чейин өкмөттө, парламентте түзүлгөн комиссиялар иликтеп, батир бөлүштүрүүдө коррупция болбогонун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG