Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

Freedom House казак бийлигин активисттерди бошотууга чакырды


Нааразылык жыйындардын катышуучусу деп айыпталган Мөлтүр Абылованын соту, Алматы, 18-май, 2016-жыл.
Нааразылык жыйындардын катышуучусу деп айыпталган Мөлтүр Абылованын соту, Алматы, 18-май, 2016-жыл.

Эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин 21-майда жер маселеси боюнча митингге катышуу ниетин билдирген активисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырып, аларга тагылган айыптарды алып салууга үндөдү. "Бийликтин активисттерди айыптоосу жана тынч жыйынды болтурбоо аракети казак өкмөтү башкача ойлонууга жол бербестигин көрсөтөт",- деди аталган уюмдун чукул кырдаалда жардам көрсөтүү жана эл аралык демилгелер боюнча вице-президенти Роберт Херман.

Казакстандын ар кайсы шаарларында шейшембиден тарта жалпысынан 12 адам кармалды. Маселен, Алматыда беш адам 15 суткага камалды.

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары да өз баракчаларына "жер маселеси боюнча" пикир жазган соң полиция менен прокуратурага суракка чакырып жатышканын билдирүүдө.

Казакстандын бир катар шаарларында өткөн айдын соңунда жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн. Мындан соң президент Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү табыштаган.

XS
SM
MD
LG