Пакистан бийликтери түндүк-батыштагы Пешавар шаарындагы кош жардыруу бир полиция кызматкеринин өмүрүн алып, дагы 18 адамды жарадар кылганын билдирди. Маалыматка караганда, полиция машинеси шаардын чет жакасындагы Аслам Дхери районунда жол боюна коюлган бомбага кабылган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери менен башка адистер келген учурда экинчи бомба жарылган. Жаракат алгандардын арасында полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана журналисттер бар.
Бул жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Пешавар көптөн бери Пакистандагы исламчыл согушкерлердин очогуна айланган шаар катары белгилүү.