Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Парламентте энергетика боюнча "өкмөттүк саат" өтөт


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Келерки апта, 26-майда Жогорку Кеңеште энергетика тармагындагы абалды талкуулаган "өкмөттүк саат" өтөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун долбоорун талкуулап жатат.

Мындан 5 ай мурда 100% үлүшү мамлекеттин карамагында турган Улуттук энергетикалык холдинг түзүлгөн. Азыркы учурда анын энергетика компанияларындагы мамлекеттик акцияларынын пакетин башкаруу укугу жок. Аларды мамлекеттин атынан Мамлекеттик мүлк фонду аткарып келген. Ошондон улам, мамлекеттин акцияларын холдингдин уставдык капиталына өткөрүп берүү зарыл. Ал үчүн Жогорку Кеӊештин макулдугун алуу зарыл.

Суроолорго Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жооп берүүдө. Депутаттар бул маселе боюнча ал эмес, өкмөт башчы жооп бериши керек деп талап кылууда.

Өкмөттүн өкүлү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн түнү иш сапар менен Ереванга жөнөп жатканын, бардык суроолорго "өкмөттүк саатта" жооп берерин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG