Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Түркия элчилиги жылына 5 рак оорулуу балага жардам берет


Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жылына кыргызстандык 5 рак оорулуу баланын акысыз Түркияга барып дарылануусуна көмөктөшмөй болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» элчиликтин басма сөз кызматы жана «Жардамдашуу оңой» фондунун жетекчиси Динара Аляева билдирди.

Залалдуу шишик жана кандын рак оорусуна чалдыккан кыргызстандык наристелерди жергиликтүү дарыгерлер, Саламаттык сактоо министрлигинин көргөзмөсү менен тандайт. 17-май күнү бул жардамдын негизинде ретинобластома аттуу оор кан оорусу менен жабыркаган 1 жаштагы кыргызстандык наристе кыз Анкарага учуп кетти. Ошондой эле аталган элчиликтин көмөгү менен Ош, Бишкек шаарларындагы онкологиялык борборлорго акысыз маммограф аппараттары берилгенин Түркия элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG