Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Дүйнө Крым татарларын күчтөп көчүрүүнүн курмандыктарын эскерүүдө


Курмандыктарды эскерүү. Украина, Крым.
Курмандыктарды эскерүү. Украина, Крым.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бүгүн Крым татарларын депортациялоонун курмандыктарын эскерген иш-чаралар өтүүдө. Украинада чак түштө эскерүү мүнөтү жарыяланып, телеканалдар менен радиолордо атайын сигнал берилди. Өлкөнүн бир канча шаарларында массалык акциялар өтүп жатат. Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев Канададагы эскерүүгө катышат.

Орусия аннексиялап алган Крым бийлиги үч жылдан бери крым татарларына Симферополдун борборунда салтка айланган аза митингин өткөрүүгө уруксат бербей келатат. Бирок Крым бийлиги расмий эскерүү чарасын өткөрүп, Бахчисарай районундагы Сирень темир жол бекетине жакын жерде депортация курмандыктарына арналган эстелик ачты.

Мындан 72 жыл мурда, 1944-жылдын 18-майында Крым татарларын күчтөп көчүрүү башталган. Совет бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германия менен кызматташкан деген жүйө менен 200 миңдей элди Орто Азия аймагына депортациялаган. Жолдогу кыйынчылыктан жана ачкачылык менен ар кандай оорулардан 30 миңден ашуун адам ажал тапкан.

Крым татарларына мекенине кайтууга 1989-жылы гана уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG