Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Журналисттер терроризм темасын туура чагылдырууну үйрөнүүдө


Тренингди ЕККУ, "Институт Медиа Полиси" уюму Кыргызстандын УКМК менен бирге уюштурду
Тренингди ЕККУ, "Институт Медиа Полиси" уюму Кыргызстандын УКМК менен бирге уюштурду

Кыргызстандык журналисттер эл аралык терроризм жана диний экстремизм темасын массалык маалымат каражаттарында туура чагылдырууну үйрөнүп жатат. Бүгүн Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан пансионаттардын биринде журналисттер үчүн тренинг өтүүдө.

Орусиядан келген журналист, медиа тармагындагы профессорлор журналисттерге өз тажрыйбасын айтып берүүдө.

Тренингге республиканын бардык аймактарынан келген 40ка чукул журналист чакырылган.

Иш-чараны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү, "Институт Медиа Полиси" уюму Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен бирге уюштурду.

Тренинг 21-майда жыйынтыкталат.

Кыргызстанда соңку жылдары диний экстремизм маселеси көйгөй жаратууда. Диний коопсуздук өлкөнүн Коргоо кеңешинде да талкууланган. Сириядагы согушка 500дөн ашуун кыргызстандык катышканы кеткен. (AsM)

XS
SM
MD
LG